• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 3-июнь /Кабар/. Фарид Ниязов берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка КР Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду.

Ошондой эле, Президенттин башка буйругуна ылайык, Ниязов Фарид Абилезимович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий