• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин кландык башкарууга жол бербейм дегени жакшы белги – Өмүралиев

Коом 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Президенттин Кыргызстанда бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм дегени – бул жакшы белги. Мамлекет башчынын Ысык-Көлдө сүйлөгөн сөзүн саясатчы Нурбек Өмүралиев ушундай түшүндүрдү.

Анын айтымында, мамлекет башчынын билдирүүсү жакшы белги жана калк үчүн ал үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербей тургандыгын билдирет.

“Ал үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербей тургандыгын, эл тарабынан тандалган президент экендигин жана бүтүндөй элдин кызыкчылыгын козгоп, калкты түндүк-түштүк деп бөлбөй тургандыгын билдирди. Менимче бул абдан жакшы”,-деди саясатчы.

Өмүралиев эске салып кеткендей, Жээнбеков мурда өзү үй-бүлөлүк кландык режим менен күрөшкөн.

“Биздин президент Жээнбеков мурда да тең укуктуулук жана бүтүндөй калк ортосундагы бирдиктүү милдеттер үчүн күрөшкөн. Ал мурдагы үй-бүлөлүк кландык башкаруу режимин талкалаш үчүн бир топ күч жумшаган. Бул жагынан алганда анын саясатынын ырааттуулугу тууралуу айтып турат, бул абдан жакшы”,-деди Өмүралиев.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда, үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербей тургандыгын билдирген.

“Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкарууга жол берилбейт. Президенттик кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч кимиси таасирин тийгизе албайт”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий