• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Жумабаев Латип Пазылович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет

Эске салсак, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Латип Жумабаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий