• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин «КРнын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду, - деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Бүткүл мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгууга негизденген жана жаран менен юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган масштабдуу жана сапаттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди киргизип, ведомстволор аралык эксперттик топту түзсүн;

— ведомстволор аралык эксперттик топко 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө укук тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Конституцияга, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, зарылдык, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жетиштүү жөнгө салуу, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүү жагында толук инвентаризация жүргүзүүнү, анын жыйынтыгы боюнча табылган шайкешсиздиктерди жоюуга багытталган сунуштарды киргизүүнү тапшырсын;

— ведомстволор аралык эксперттик топко төмөнкүдөй укук берсин:

иште колдонуу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана ишканалардан суроо жана алуу;

өзүнүн ишине башка жактарды жана адистерди тартуу;

— ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин камсыз кылуу жана анын ишин кеңири чагылдыруу боюнча чараларды көрсүн;

— мыйзамдардын жана алардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын колдонулушун токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмин («гильотина» принциби боюнча) киргизүү боюнча мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана демилгелесин;

— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгууну баштасын.

Пикир

Оставить комментарий