• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттин кубогу. Өзбекстандык көк бөрүчүлөр Бишкекке келди

Спорт 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Өзбекстандын курама командасы көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдешке катышуу максатында Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 24-августта “Манас” эл аралык аэропортуна Өзбекстандын “Улок-купкари” федерациясынын башкы катчысы Равшан Ахмадовдун жетекчилиги алдында көк бөрү боюнча Өзбекстандын курама командасы учуп келди.

Спортчулар 26-31-август күндөрү Чолпон-Ата ат майданында өтө турган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке катышат.

Белгилей кетсек, мелдеш өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий