• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттик кызматка 41 талапкер болду

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 27-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын 2017-жылдын 21-июлундагы кезексиз XI съездинин президенттик шайлоодо талапкер катары Темирбек Асанбековду көрсөтүү тууралуу чечими келип түшкөн. Бул тууралуу Борборшайкомдун расмий сайтында айтылат.

2017-жылдын 27-июлуна карата БШКга: КР Президенти кызматына талапкер катары 32 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиевадан).
- Президенттик кызматка өздөрүнүн талапкерлерин 8 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «БүтүнКыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан – Темирбек Асанбеков).

Жалпысынан КР Президенти кызматына 41 талапкерден арыз түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий