• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин м.а. Мамытов Катардын Эмирин Улуттук күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бен Хамад бин Халифа Аль Танини Катар мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген өнөктөштүк жана достук мамилелер эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден соолук жана ишмердүүлүгүңүзгө көптөгөн ийгиликтерди, ал эми Катар элине бакубатчылык жана өнүгүү каалайм«, — деп айтылат президенттин м.а Талант Мамытовдун куттуктоо теллеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий