• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президенттин м.а. Мамытов Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий