• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттин м.а. Жапаров экс-президент Жээнбеков жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш. Жээнбеков жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат.

Аталган Жарлык кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий