• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Чыгашаларды кыскартууга, сапатын жогорулатууга жана алардын жеткиликтүүлүгүнө багытталган жарандар жана юридикалык жактар үчүн биринчи кезектеги турмуштук маанилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кечиктирилгис чаралары деп эсептелсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— 2021-жылдын 1-июнуна чейин жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө алуусуна түрткү берүүчү механизмдерин түзүү;

— 2021-жылдын 1-мартына чейин:

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардан жана юридикалык жактардан кагаз түрүндө маалымкаттарды жана/же документтерди талап кылуусунун жол-жобосунун жоюп, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашуунун электрондук түрүнө алмаштыруу;

— соттуулугу жөнүндө маалымкатты толугу менен автоматташтырууну камсыз кылуу;

— ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулукту унификациялоо;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катышуусу менен 2021-жылдын 1-майына чейин моменталдуу төлөмдөрдүн жана акча которуулардын улуттук системаларын киргизүү үчүн иштиктүү кадамдарды жасоо;

— 2021-жылдын 1-майына чейин төмөнкү маселелерди чечүү:

жарандардын мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жайгаштыруунун алкагында электрондук

ID-карталар, электрондук айдоочу күбөлүктөрү, транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөр түрүндө санарип документтерди киргизүү;

транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча жыйымдарды алып салуу жана рулдук башкаруунун жайгашуусуна карабастан электрмобилдерди ташып келүүгө уруксат берүү;

— жоготуу учурларын кошпогондо, 2021-жылдын 1-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-карталарын акысыз негизде төмөнкүлөргө тариздөө жана берүү:

16 жашка толуп, биринчи жолу алуучуларга;

белгиленген тартипте каттоодо турган муктаж үй-бүлөлөргө;

бардык категориядагы майыптарга;

пенсионерлерге;

Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына;

— 2021-жылдын 31-декабрына чейин жеке жана юридикалык жактар үчүн электрондук кол тамгаларды туруктуу акысыз негизде берүүнү жана узартууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасында электрондук кол тамгаларды күбөлөндүрүүчү борборду ачуу;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жарандар жана юридикалык жактар боюнча аткаруу өндүрүшү тууралуу маалыматты Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жайгаштыруу сунушталсын.

Пикир

Оставить комментарий