• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго өттү. Ал кыргызстандыктарга кайрылды

Президент 0


Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө жана президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун өткөрүп бергендигине байланыштуу, Конституцияга ылайык, өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовго өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн, документтерин тапшырды.

Ошондуктан ал президенттин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын премьер-министр ыйгарым укуктарын токтотуп, катардагы жаран катары шайлоого катышарын билдирди.

Ушуга байланыштуу бүгүнтөн тартып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети Жогорку Кеңештин төрагасы катары мага жүктөлдү.

Урматтуу мекендештер!

Көп сыноолордо такшалган, эркиндикти, адилеттүүлүктү туу туткан элибиз 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийинки курч саясий кризистен ыкчам жана тынч жол менен чыгып, биримдигибиз бекемделди.

Азыр Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук орноду. Укук коргоо органдары, соттор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары штаттык режимде иштеп жатышат.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечкиндүү кадамдар жасалууда.

Чакан жана орто бизнести коргоо, өнүктүрүү иштери колго алынды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кыргызстан жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө даяр, ошол эле учурда бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен аткарылууда.

Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда. Эң башкы милдет — 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу.

Ошондуктан өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам.

Конституциялык укуктарымдын алкагында Президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракетимди жасайм.

Менин аракеттеримди өлкөнүн акыл-эстуу жарандары толугу менен колдойт деп ишенем.

Ар бирибиз сырттан карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы.

Өз миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык, алгылыктуу иш алып барабыз деп ишенем.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү.

Жоопкерчилик — ар бирибизде.

Кудай буйруса, коомчулуктун колдоосу менен, ынтымак жана тынчтыктын негизинде бардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

Журтубузга ак ниет кызмат кылуу, мекенибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!«

Пикир

Оставить комментарий