• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Садыр Жапаров элчи менен баарлашууда Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал кыска убакыттын ичинде турукташкандыгын белгиледи.

Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерди жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды толугу менен так аткарат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди.

«Кытай Эл Республикасы биринчилерден болуп Кыргыз Республикасына өз убагында жардам көрсөттү жана көрсөтүүнү улантып келет. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чыныгы достуктун жана жакшы коңшулук мамиленин белгиси. Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну бардык багыттарда активдештирүүнү көздөйбүз», — деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Президенттин милдетин аткаруучу элчи Ду Дэвэндин эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, Кыргызстан Кытай менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь Кытай Өкмөтүнүн атынан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Кытай менен Кыргызстан жакшы кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр. Эки өлкөнүн элинин ортосундагы достук мамилелердин тамыры тээ алыскы тарыхка, байыркы Улуу Жибек Жолу мезгилине барып такалат. Кытай Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү чын дилинен каалайт жана мүмкүн болушунча ар дайым жардам берүүгө даяр», — деп билдирди Ду Дэвэнь.

Сүйлөшүүнүн алкагында элчи өлкөдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурду.

Садыр Жапаров элчини кытайлык инвесторлор жана ишканалар өздөрүн коопсуз деп сезе беришсин деп ишендирди.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши тууралуу элчи жүктөрдү өткөрүү боюнча учурдагы алгоритмге байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн ушул жылдын 6-ноябрында эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу пландаштырылып жатканын маалымдады.

«Сентябрдын башынан тартып „Торугарт“ көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштеп башташы кытай элинин кыргыз элине карата болгон жакшы мамилесин тастыктайт. Бирок, пандемиядан улам өлкөлөр жаңы шарттарга көнүшү керек, бул техникалык гана мүнөздө болот, анткени карантиндин талаптары өтө жогору», — деди Ду Дэвэнь.

Ошондой эле тараптар бир катар эки жактуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди чечүү үчүн жигердүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий