• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президенттин Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү.

Андан соң Садыр Жапаров Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту.

Президент жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий