• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий