• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президенттин портрети менен ойногон кызматкерлер кызматынан бошотулбайт - мэрия

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Президенттин портрети менен ойногон кызматкерлер кызматынан бошотулбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда муниципалитеттин тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери президенттин портрети менен ойногон видео тасма чыккан.

Ал жаш жигиттер “Бишкек унаа токтотуучу жайлары” муниципалдык мекемесинин кызматкерлери экендиги аныкталган.

“КР президентинин аппараты мэриянын жетекчилигине ал кызматкерлерди кызматынан кетирбөөнү сунуш берген. Мэрия ал кызматкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кызматкерлер эл алдында кечирим сурашкан.

Пикир

Оставить комментарий