• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президенттин социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында сүйлөгөн сөзү

Президент 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышууда.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Саламатсыздарбы, урматтуу жалпы республикалык кеңешменин катышуучулары!

Сөзүмдүн алдында мен сиздерди ыйык Орозо айынын келиши менен куттуктаймын!

Бардыгыңыздарга руханий чыдамкайлыкты жана бекемдикти, жакындарыңыздарга чың ден соолук жана бакубаттык каалайм!

Биз бүгүн ушундай кеңири курамда социалдык чөйрөнүн өкүлдөрүн чогултууну чечтик.
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо жаатында иштеген адамдарды бардык аймактардан чакырдык.

Өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыга койгон пландарыбызды Сиздер менен бөлүшөлү деп жатабыз.

Ошол эле учурда Сиздерден да ойлорду, сунуштарды угалы.

Мамлекет башчысы кызматына аттанганда мен республиканын бүт аймактарын түрө кыдырып чыкканымды билесиздер.

Шайлоочулар менен жолугушканымда алдыга койгон биринчи милдетим — элдин жашоо деңгээлин көтөрүү экендигин айтканмын.

Билим берүүнүн сапаты менен медицинанын деңгээлин жогорулатууну — башкы артыкчылык катары караймын.

Дегеле, биз „эл агартуу“ деген жакшы сөздөн алыстап бараткандайбыз.

Бул түшүнүктүн астында бир гана билим берүү эмес, маданият да, сөздүн кеңири маанисинен алганда, адам жөнүндө — анын руханий жактан да, саламаттыгы жактан да толук камкордук турат.

Менин президенттик кызматка киришкендеги номер биринчи Жарлыгым — »Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө« болгон.

Кыргыз эли эгемендик доорунда үч ирет өтө чоң саясий толкунду башынан өткөрдү. Ошол кездин саясий, экономикалык-социалдык стандарттарына жана түзүлгөн карым-катнаштарына каршы карапайым эл тайманбастан көтөрүлгөндүгүн тастыктайт.

Ошондуктан биз руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды технологиялык прогресстин акыркы жетишкендиктери менен табигый түрдө үндөшүп турган абалга жеткирүүнүн зарыл экендигин белгиледик.

Кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган каада-салттарына таянып, өлкөбүздө жашаган бардык улуттар жана элдер менен биргеликте цивилизациялуу, гүлдөгөн мамлекетти курууга алдыга карай умтулушубуз керектиги белгиленген.

Булардан сырткары, Жарлыкта мамлекетибиздин жана коомубуздун негизин түзүп турган тарбиячылардын, мугалимдердин, дарыгерлердин кадыр-баркын жана статусун көтөрүү боюнча так максаттар коюлган.

Ошондой эле, алардын ар биринин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ачып, өнүктүрүү үчүн, билим берүү тармагына окуу процессин жогорку деңгээлде жүргүзүүгө жөндөмдүү таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди тартуу боюнча — максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Ошентип, Президент болуп шайлангандан кийинки эң биринчи жасаган кадамым дал мына ушуга багытталды — тагыраак айтканда номер биринчи Жарлыгым руханий-адеп-ахлактык тарбияга арналды.

Тагдыр мага соңку жылдарда биздин элибиздин басып өткөн жолу, тарыхы тууралуу, кыйын кезеңдердеги ата-бабаларыбызга дем берген улуттук нарк-насилдер жана да биздин муундун башына түшкөн кыйынчылыктар жөнүндө кеңири ой калчоого шарт түзгөндөй болбодубу.

Азыр биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай, эгемендүү мамлекетте эркин жана бактылуу жашоонун даамын дагы да жакшылап тата албай келгенибизге бардыгыбыздай эле мен да кейийм.

»Биз канткенде туруктуу өнүгүүгө жетип, ийгиликке карай өсүү жолуна чыга алабыз?« деп абдан көп ойлоном.

Изги өзгөрүүлөргө жетүүнү камсыз кыла ала турган кыска жана кепил берчү ыкма барбы?

Элимдин потенциалы алиге чейин ачылбагандыгынын сыры эмнеде? — деген суроолор мага таптакыр тынчтык бербейт.

Жооп, албетте, түшүнүктүү жана айдан ачык.

Биздин мамлекеттин эң башкы байлыгы — биздин адамдарыбыз — Кыргызстандын көп улуттуу, таланттуу, ынтымактуу, сабырдуу жана тырышчаак эмгекчил эли!

Табият жана тарых да бизди куру кол калтырган эмес: өлкөбүз көптөгөн кен байлыктарга ээ.
Биздин тоолор түрдүү ресурстарга бай.

Жерибиз берекелүү жана кереметтүү кооз. Биздин өлкөнүн суулары мол жана мөлтүр таза.
Кыргызстанда жанга жайлуу жана бактылуу жашоо үчүн бардык шарттар бар. Бирок, биздин ийгиликке жетүүбүздүн башкы ачкычы — бул биздин адам ресурсубуз.

Эң эле пайдалуу жана узак мөөнөттүү пайда алып келе турган мыкты инвестициялар деп — биз өз элибиздин өнүгүшүнө, билимине, саламаттыгына жана маданиятына салынган инвестицияларды атаганыбыз туура болот.

Биз бактылуу өлкөбүз, анткени аркабызда мыкты жаштырыбыз турат. Калкыбыздын 65 пайыздан ашыгын 30 жашка чейинки жаштар түзөт. 38 пайызы — 18 жашка толо элек балдар, алар эки жарым миллиондон ашык. Ошондуктан мамлекеттик башкаруунун алган башкы багыты жана басымы — биздин элибизге, айрыкча биздин балдарга арналган.

Алар билимдүү жана дени сак болуп чоңоюшу керек.

Алар эң жогорку деңгээлдеги билимге жана көндүмгө ээ болуп, глобалдык коомдогу башка куракташтары менен тең ата атаандашууга жетишип, 21-кылымдын орто ченинде өздөрүн өтө ишенимдүү сезиши керек.

Бул жаплы улуттук максат баарыбызды — ар кыл саясий көз караштарга, социалдык, маданий, регионалдык жана диний айырмачылыктарыбызга карабастан, бир муштумдай биригүүгө чакырат.

Биз баарыбыз — ата-энебиз.

Балдарыбызга бул дүйнөдө татыктуу пайдубалды камсыз кылып берүүгө милдеттүүбүз.
Азыр биз бардык күч-аракеттерибизди жана ресурстарды бала бакча, мектептер, поликлиника менен ооруканалар, маданият үйлөрү жана башка бардык социалдык тармактарга жумшап, ата энесинин социалдык-материалдык абалына карабастан, шаардабы, же алыскы тоолуу айылдабы жашаган жерине карабастан, ар бир бөбөк жана өспүрүм бала үчүн — илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерине, билим деңгээлине, маданий жактан бай болушуна жана сапаттуу саламаттыкты сактоого жетишин камсыз кылышыбыз милдет!

Кыргызстандыктардын жаңы, күчтүү жана татыктуу муунун тарбиялоо милдетине жетүү — биздин улуттук тилегибиз жана стратегиялык максатыбыз болууга тийиш.

Дал ушул максаттын алдында — баарыбыз, жалпы элибиз биригели, кымбаттуу журтташтарым!

Урматтуу кеңешменин катышуучулары!

Албетте, мындай амбициялуу, бийик максаттарды коюу менен бирге, биз бүгүнкү социалдык тармактан жана мамлекеттик башкаруудан чоң натыйжаларды талап кылууга акылуубуз.
Бул — бир жагы.

Маанилүүсү — ар бир мектепте, социалдык мекемеде каармандык менен эмгектенген, мекенчил, ушул залда отурган Сиздердей инсандар болушу керек.

Мамлекет такыр көңүл бурбай, минималдуу түрдө гана каржылап калган кыйын учурларда деле — сиздер өз ишиңерге берилгендикти көрсөтүп, оор кыйынчылыктарды жеңип келдиңиздер.

Күч-кайратыңыздарды аябай, ден соолугуңуздарды да тобокелге салып, керек болсо үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү да четке таштап, жеке кызыкчылыктарды арткы планга коюп, иш-милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып келдиңиздер.

Арийне, эгерде биз жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы муундагы кыргызстандыктарды тарбиялоо боюнча улуттук үмүт-тилектерибиз менен стратегиялык максаттарыбызды курулай кыял, кооз сөз болуп калбасын десек, ага реалдуу жетүүнү кааласак, мамлекет — социалдык тармактардын бардык мекемелерине орчундуу материалдык-финансылык ресурстарды таап, камсыздоого милдеттүү.

Дал ушул максатта мен президенттик кызматка келген алгачкы күндөн тартып эле бардык күч-аракетимди мамлекеттик бюджетти көбөйтүүгө жана чыңдоого арнап келе жатамын.

»Мен бир тыйын да уурдабаймын, башкалардын уурдашына да жол бербеймин!« деп, ант бергенмин.

Эсиңиздерде болсо керек, мурда казынага кол салгандардын баарын кайра мамлекеттин эсебине төктүрө баштаганмын.

Ошондой эле, салык жана бажы төлөмдөрүн жакшыртууну да талап кыла баштадым. Акылбек Үсөнбекович башкарган Министрлер Кабинетинин алдына мен койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү болду.

Бул жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар.
Натыйжалар көп деле күттүргөн жок, бат эле келе баштады.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көлөмү
311 млрд сомго жетти. Бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган.

Кийинки жылга мен 500 миллиардга жеткирүү милдетин коюп жатамын. Биз азыр айыл чарбасына активдүү түрдө ресурстарды салып жатабыз.

Мурда эч качан мындай болгон эмес. 26 млрд сом кредит түрүндө фермерлерге 6 пайыз менен берилди.

Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин урматтуу дыйкандар менен фермерлерге.

Бул сумма албетте 100 пайыз дыйкандар менен фермерлерди быйыл эле камсыз кылып койгонго жетпейт. Анткени олко боюнча 500 минге чукул дыйкан фермелерибиз бар.

Ошондуктан быйыл колубузда болгон каражаттын баарын бердик. Быйыл киминерге жетишинче алып турсаныздар, Кудай буюрса кийинки жылы толук камсыз кылабыз деп турабыз.

Ирригацияга жана үрөндөргө бөлүнгөн каражаттар менен бирге, башка ресурстар дагы каралып, — быйыл айыл чарбасына жумшалган каражаттын жалпы суммасы 40 млрд сомго жетет.

Өзүңүздөр көрдүңүздөр, биз өткөн жумада Балыкчыдан Кочкорго чейин темир жолду куруу иштерин баштадык.

Азыркы кезде Камбар-Ата сыяктуу ири ГЭСти, чакан ГЭСтерди, жаңы күн жана шамал менен иштетиле турган ондогон станцияларды быйылтадан тартып курууну пландап жатабыз.

Урматтуу социалдык сектордун кызматкерлери!

Бүгүн биз бир нече министрликтер боюнча айлык акыларды жогорулатуу жөнүндө чечимди кабыл алгандыгыбызды Сиздерге кубануу менен жарыялаймын.

Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк.

Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз. Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат. Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк.

Бир-эки мисал айтайын. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми 28 239 сом айлык алат.

Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча да биз айлыкты орточо 2 эсеге жогорулаттык.

Вначале мне хотелось бы особо выделить присутствующую здесь работницу республиканского учреждения протезно-ортопедических изделий Ольге Ивановне Николаевой. Она сидит в президиуме.

— Я имел честь поздравить Вас, уважаемая Ольга Ивановна, в прошедший день 8 марта.

Тогда вы от имени всех работников вашего завода обратились с просьбой
о повышении зарплаты.

Я очень рад сообщить вам, что правительством принято решение об удвоении зарплаты.

Например, один из ваших коллег с 14 летним стажем сапожник, сам инвалид 3-й группы до этого получал зарплату около 18 тысяч сом в месяц, а с этого месяца будет начисляться зарплата в 36 тысяч сом.

Ошондой эле ушул жерде отурган Ат-Башы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Тилек Султангазы уулуна да токтоло кетейин. Ал дагы президиумда отурат.

Шайлоо өнөктүгү маалында сиз мага „социалдык кызматкерлердин айлыгын
көтөрүп берсеңиз“ деп кайрылган элеңиз. Бүгүн сиздин өтүнүчтү толук канааттандырдык.

Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт.

Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Бул жерде — „айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат“ деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин.

Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз!

Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек деп ойлойм.

Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат.

Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз.

Эми билим берүү министрлигине токтололу.

Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү.

Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.

Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт.

Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Урматтуу мугалимдер! Кымбаттуу ата-энелер!

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек. Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз.

Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз! Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.

Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун.

Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек!

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!
Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз. Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин. Биз аларды да унуткан жокпуз. Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк.

Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда. Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!

Ушул жерден дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин.

Биз бүгүн социалдык жана маданият тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык акыларын котордук.

Казынабыз толтура болсо баардык тармактардын айлык акыларын чогуу котормокпуз. Бирок сиздер, мамлекеттик кызматкерлер жакшы билесиздер.

Казынабыз ченелүү. Ошондуктан ушуга чейин чыдаган жаныныздар дагы бир аз чыдап турунуздар деп суранып кетээр элем.

Кудай буюрса силердин айлык акыларды экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз. Ага чейин казынабызды толтуруп алалы.

Мекендештериме, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылып кетейин:

Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат.

Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек.

Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам.

Мен өз Жарлыгым менен сөөк коюу каадасында мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе — бул азык-түлүк коопсуздугу.

Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете!

Мамлекет ар бир кыргызстандыкка социалдык жактан кам көрүү үчүн бар күчүн аянбайт. Буга бөркүңүздөй ишене берсеңиздер болот.

Эмгекчилер күнү 1-майда айтылган суммалар колуңуздарга тийгенде — кубанычыңыздар эки эсеге көбөйөт деп ишенем.

Дагы бир жолу менин эң жакшы тилектеримди кабыл алыңыздар. Мамлекетибиз дайыма туруктуу өнүгүүдө болсун. Ар дайым бири-бирибизди колдоп, ынтымакта жашайлы, жергебизде тынчтык болсун.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!».

Пикир

Оставить комментарий