• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президенттин Талас облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна жумушчу сапарларын улантууда. Кыргызстандын Президенти кызматына киришкенден кийин мамлекет башчысы Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарында болду.

Кечээ, 12-июлда Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапар менен Талас облусунда болду.

Жумушчу сапарынын алкагында мамлекет башчысы Талас районундагы "Манас-Ордо" улуттук комплексине барды. Андан соң Талас райнундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бакай-Ата районундагы "Азра жемиштери" жоопкерчилиги чектелген коомго барып, өлкөнүн 7 миңге жакын жарандарын жумуш менен камсыз кылып жаткан алма багын көрдү.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кара-Буура районунун Аманбаев атындагы айыл аймагындагы оорукананын ачылышына катышты жана айылдыктарды жаңы оорукананын ачылышы менен куттуктады.

Мындан тышкары мамлекет башчысы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, "Чыңгыз-Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексти куруу пландары менен таанышты.

Күндүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен жолугушту. Таластыктар Мамлекет башчысына негизинен төө буурчакты сатууга, жолдорду, социалдык, инфраструктуралык объектилерди курууга жана оңдоого, жеңилдетилген насыяларды алууга, кайра иштетүүчү ишканалардын курулушун аягына чыгарууга, кен байлыктарды иштетүүгө байланыштуу суроолорду беришти.

Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берүү менен Сооронбай Жээнбеков төө буурчакты өстүрүү жана сатуу маселеси кийинки учурда саясий чайкоочулуктун куралына айланганын белгиледи. "Бул сыяктуу маселелерди саясатташтырбоо керек. Эгерде буурчактарды сатууда кимдир бирөөлөр тарабынан жасалма проблемалар түзүлүп жаткан болсо, биз аны текшеребиз жана чечебиз. Эгерде дүйнөлүк рынокто буурчактын баасы ушундай болсо, анда биз ага таасир эте албайбыз", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Таластын жашоочуларынын суроолоруна ошондой эле Президент менен бирге Талас облусунун жашоочулары жана активи менен жолугушууга катышкан министрлер жана ведомстволордун жетекчилери да жооп беришти.

Мамлекет башчысынын облустун жашоочулары менен жолугушуусунун акырында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жакындарынын жана жабыркагандардын өтүнүчү боюнча алар менен өзүнчө жолугушуу болду.

Пикир

Оставить комментарий