• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттин тапшырмасы. Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун эли менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрель күнү, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга райондун айыл аймактарынан 250гө жакын тургундар катышып, жер, таза суу, сугат суу, жол, бал аарычылыкты өнүктүрүүдө жеңилдетилген насыялардын жетиштүүлүгү, аймактардагы социалдык жана жеке маселелер менен кайрылышууда.

Облус өкүлү Абсаттар Сыргабаев ар бир көтөрүлгөн маселенин чечилүүсү боюнча максималдуу иш аракеттер көрүлөөрүн айтып, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берүүдө.

Белгилей кетсек, жолугушуулар КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий