• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Президенттин «Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн кеңешмеде президент тарабынан кабыл алынган чечимди президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына кайрылып, президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталгандыгын белгиледи.

«Калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери улантылышы керек. Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын түшүнүшүбүз керек, мунун айынан айрымдар карызга батып, карыздан көп жылдар бою кутулууга туура келүүдө», - деди Айбек Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий