• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун жана президенттин ЖКдагы өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу Бекбоев Турдуназирдин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Дыйканбаев Курманбек Сапаровичтин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 21-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий