• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагына 2021-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрь күнү УКМК тарабынан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий