• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар жоопко тартылбайт — Чүйдүн башчысы

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар жоопко тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев билдирди.

Анын айтымында, бардык көйгөйлөр ишемби күнү саат 10:00дө премьер-министр менен боло турган жолугушууда чечилет.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-апрелде эртең менен Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий