• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алуу боюнча иш козголду

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Чүй облусундагы Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде саат 06:48дер чамасында Пригородное айыл өкмөтүндө нааразычылык акциясы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге облустук милиция кызматкерлери, жетекчилик жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери жөнөп кеткен. Анда 9-10 аял айыл өкмөтүнүн имаратына кирип алып, өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылышкан. Алардын талабы банктан алган насыя маселесин чечип берүү болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жазык кодексинин 208-беренеси (“Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу”) боюнча катталган.

Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий