• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пригородное айылындагы абал: Вице-премьер Кармышаков сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдар менен вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Вице-премьер сүйлөшүүлөргө кошулду. Буга чейин алар менен Чүй облусунун башчысы, Аламүдүн районунун акими жана банк өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдүн Пригородное айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында аялдар өздөрүнө бензин куюп, өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий