• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Притчин: Мамлекет башчылардын жолугушуусунун ачык бөлүгүн талдап көрүп, анын позитивдүү болгонун белгилесек болот

Коом 0

Февралдын аягында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи иш сапары менен Россияга барды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ар кандай документтерге кол коюлуп, өлкөлөр аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Белгилүү болгондой, Россия Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири болуп саналат, өткөн жыл муну дагы бир жолу далилдеди, анткени пандемиянын туу чокусуна жеткен мезгилде дал ушул Россия өлкөдөгү кырдаалды жеңилдетүүгө чоң салым кошкон.

2-мартта эксперттер “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюшулган “КР президентинин РФга иш сапарынын жыйынтыгы: негизги багыттар жана 2021-жылы Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттер аралык кызматташтыгынын келечеги” аттуу конференциянын жүрүшүндө иш сапардын жыйынтыгын талкуулашты.

Таджикистан и ЕАЭС: работа по разъяснению основных принципов работы союза  должна быть продолжена – эксперт ⁄ Институт исследований Центральной Азии

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелердин келечеги, андан тышкары, иш сапардын жыйынтыгы тууралуу Россиянын илимдер Академиясынын дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер борборунун улук илимий кызматкери Стас Притчин айтып берди.

“Садыр Жапаровдун башкы милдети, психиологиялык көз караштан алганда, кырдаал ал үчүн эң пайдалуу болбогонун эске алып Владимир Путин менен жакшы диалог түзүү болгон. Биринчиден, ал толкундоолордон кийин бийликке келген үчүнчү президент, бул россия жетекчилиги тарабынан оң маанайда кабыл алынбайт, анткени Россия лидери мыйзамдуу процесстердин жактоочусу болуп саналат, ал эми көчөдөгү митингдер, революция – бул маселелерди чечүү үчүн ал алгылыктуу деп эсептебеген механизмдер. КР президентинин экинчи милдети россия президенти менен жолугушуу аркылуу тышкы легитимдештирүүнү алуу болгон. Президенттик шайлоого чейин Кремль Кыргызстандын бийлиги менен өтө этияттык менен мамиле кылды, талапкер ички легитимдештирүүдөн өткөндөн кийин гана россия жетекчилиги ал менен толук кандуу байланыш түзө баштады. Мамлекет башчылардын жолугушууларынын ачык бөлүгүн талдап көрүп, анын атмосферасы позитивдүү болгонун белгилөөгө болот. Россия тарап Садыр Жапаровду КРнын мыйзамдуу жетекчиси катары кабыл алды жана ал менен иштешүүгө даяр”, - деди эксперт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий