• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«ProLex» КФ: Жыл сайын дүйнөдө 1,2 млн адам жол кырсыгынан каза болот. Бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзү боюнча 1,2 млн адам COVID-19дан кайтыш болду

Коом 0

Бишкек, 15.11.10./Кабар/. «ProLex» коомдук фонду Бүткүл дүйнөлүк жол-транспорт кырсыктарынын жабырлануучуларын эскерүү күнүнө карата коомчулукка жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кайрылды. Анда мындай деп айтылат:

Аталыштагы салыштыруу кокустук эмес, баардыгыӊыздарды дүйнө жүзү боюнча биз адамзат COVID-19 жок учурда деле канчаган жакындарыбызды жогото тургандыгыбыздын үстүнөн ойлонууга чакырабыз. Бирок азыр дүйнө жүзү боюнча бардык күчтөр жаӊы чакырык менен күрөшүүгө багытталгандыгын реалдуулук көрсөтүүдө. Муну менен катар эле, жол-транспорт кырсыктары байкатпай күтүүсүздөн адамдардын өмүрүн кыйып жаткан жана тагдырларды талкалап жаткан тымызын адамдардын өмүрүн кыйгыч катары коркунучтуу аббревиатура экендигин эсибизден чыгарбайлы.

Тилекке каршы, адамзаты эски чакырыктарга абдан көнүп алды, ал тургай жол-транспорт кырсыктары дагы адаттагы көрүнүш катары кабыл алынууда. Бул туура эмес, мындай болбошу керек!

15-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жол-транспорт кырсыктарынын жабырлануучуларын эскерүү күнү, Темир Жумакадыров атындагы «ProLex» коомдук фонду баарыӊыздарды буга кош көӊүл, кайдыгер карабоого чакырат. Дүйнө жүзүндө ар бир 24 секунд сайын бирден адам өмүрү менен кош айтышууда, Кыргызстанда болсо, ар бир күн сайын 2-3 кыргызстандык аял, эркек адам же балдар өмүрү менен кош айтышууда, алар деле коомдун активдүү мүчөлөрү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошо алышмак.

Келгиле баарыбыз чогуу – жол-транспорт кырсыктары деген адамдардын өмүрүн кыйгычты токтотолу. Буга өзүбүздүн салымыбызды кошуу кыйын деле эмес, жөн гана #эрежелердисактоомененөмүрдүсактапкалалы.

Ошондой эле ушул күнү Кыргызстандын Өкмөтүнө кайрылууга уруксат этсеӊиздер, фонд башка көптөгөн активисттер сыяктуу эле Өкмөттүк жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп эсептелет, бул комиссиянын ишмердүүлүгүнө, тактап айтканда азыр анын жок болуп жатканына көӊүл бурууну суранабыз. Ошондой эле, бул комиссиянын мазмундуу иш алып баруусуна тиешелүү суроону дагы сапатуу карап чыгуу маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий