• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пробация органдары кызматы мүчүлүштүктөрдү жоюуда

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Пробация органдары кызматы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштерди аткарып жатат. Бул тууралуу Пробация кызматынын жетекчиси Айгүл Каткелдиева билдирди.

Анын айтымында, жер-жерлерде пробация боюнча кеңештерди ыйгарым укуктуу органдар аткарышат. Аларга райондук администрациянын акимдери, медиктер жана социалдык кызматкерлер кирип, жетектешет.

Белгилей кетсек, пробация - Кыргызстан үчүн жаңы социалдык-психологиялык институт.

"2017-жылы биз кызматкерлерди алдык. Алардын арасында бир эле социалдык, медицина кызматкерлери эле эмес ыктыярчылар да бар. Алар бул маселе боюнча элге кеңеш беришет. Учурда биз талдоо, байкоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул жаңы институт болгондуктан кемчиликтер болуп жатат. Биз аларды жоёбуз", -деди ал.

Ошондой эле, ал http://www.probation.kg/ сайты түзүлгөнүн жана ал жактан Кыргызстандагы Пробация кызматынын максаты, пландары тууралуу билүүгө болорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий