• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Продукция Россияга экспорттолот. Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө 160 орундуу тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички инвестор тарабынан ачылган тигүү техи үчүн айыл өкмөтү имарат бөлүп берген.

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Тигүү цехинде даярдалган продукция Россияга экспорттолот.

Ошондой эле Көк-Жар айыл өкмөтүндө жаңы кыш чыгаруучу завод өз ишин баштады. 45 жумуш орундуу заводко айыл өкмөт тарабынан 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Ош облусунун башчысы күнүнө 20 миң кыш чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда Ош облусунда инвесторлор жана ишкерлерди колдоо жүрүп жактанын билдирди

“Ош облусунун жеңил өнөр жай тармагын алдыга жылдыруу үчүн көптөгөн жумуштарды алып барып жатабыз. Биз облустун аймагында жеңил өнөр жай ишканасын ачам деген инвесторлорго шарттарды түзүп берип келүүдөбүз жана мындан ары да колдоого алабыз. Ошондуктан Ош облусунда инвесторлорго ишкана ачууну сунуштайм. Биз ишкерлердин жана инвесторлордун укугун 100% колдоп, алар үчүн шарт түзүп беребиз деп кепилдик бере алам”, - деди Зиядин Жамалдинов

Пикир

Оставить комментарий