• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Профсоюздар кеңешинин айрым мүчөлөрү жетекчинин кетишин талап кылышууда

Коом 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин айрым мүчөлөрү жетекчи Мирбек Асанакуновду кадрларды алмаштырууда административдик ыкмаларды колдонуп жатат деген айып менен анын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Кеңештин мүчөсү Канат Осмонов “Кабар” агенттигинде берген маалымат жыйында 2017-жылдын январында Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Мирбек Асанакуновду өкмөттүн сунушу менен кеңештин төрагасы кылып шайлашканын айтты.

“Биз кеңеште кырдаал өзгөрүп, жаңы күч, дем менен иштеп баштайт экенбиз деп ойлогонбуз. Бирок биз жаңылыптырбыз. Жаңы жетекчинин келиши менен кадрларды алмаштыруу аракеттери башталды. Профсоюздагы жакшы иштеген жетекчилерди жумуштан алды. Алардын ордуна шектүү адамдар келди”,-деди Осмонов. Ошондой эле, буга мисал катары жакында эле Жалал-Абадда орун алган чырды эске салды.

Анын айтымында, 21-июнда 18-30 кишиден турган жыйын өтүп анда Асанакунов кабыл алган бир катар чечимдер артка кайтарылган. Ошондой эле, анын кызматтан кетирүү маселеси каралган. Бирок Асанакунов жыйынга катышкан эмес. Осмонов билдиргендей бул жыйындан кийин Асанакунов бейтапканага жатып алган.

Осмонов профсоздар кеңешинде оор кырдаал сакталып жатканын, бул кырдаалдан чыгыш үчүн Асанакуновдун кызматтан кетүүсү талап кылынаарын билдирди.

Ошондой эле, ал Асанакунов кызматтан өз ыктыяры менен кетпей турганын, кеңештин мүчөлөрү ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө муктаж болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми маалымат жыйын өткөрүүнүн себебин Осмонов, өкмөттү жана мамлекет башчысын Профсоюздар кеңешиндеги кырдаал боюнча кабардар кылууну көздөп жатканы менен түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий