• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Прокуратура 200 млн сомдук бала бакчаны кайтаруу үчүн сотко доо келтирди

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Прокуратура 200 млн сомдук бала бакчаны кайтаруу үчүн сотко доо келтирди, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ар бир баланын билим алууга болгон укуктарын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин таңкыстыгы орун алгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бала бакчанын имараты 0,6 га жер участогу менен мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын жана «Кыргызпотребсоюз» коомдук-чарбалык уюмунун кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланышып, мурдагы бала бакчанын имаратын, уюштуруучусу чет өлкөлүк жаран «Имфико» ЖАКна сатып, ага тиешелүү болгон 0,6 га өлчөмүндөгү жер участогун бекитип беришкендиги, андан соң багыты коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн мыйзамсыз өзгөртүлгөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 149-беренесине ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, социалдык имаратты мамлекеттин пайдасына кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилди.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө жогорудагы аталган жер участогунун базар баасы 199,2 миллион сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий