• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Прокуратура: Ишкерге карата катталган сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылды

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан коммерциялык банктардын биринин өкүлүнүн кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишкердик субъектисине карата негизсиз сотко чейинки өндүрүш иши катталгандыгы жана ага карата тергөө аракеттери жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлү 196 миң 701 АКШ долларына бааланган мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча банктын жооптуу кызмат адамдарына карата арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, КР президенти Садыр Жапаровдун “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктарынын талаптарын бузуу менен банкка карата сотко чейинки өндүрүш катталгандыгы белгилүү болгон.

Жогоруда аталган юридикалык жактардын ортосундагы бардык өз ара мамилелер тиешелүү келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынгандыктан, тараптардын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан учурда маселелер сот органдарында жарандык тартипте каралышы зарыл болчу.

Мындан тышкары, КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун Убактылуу эрежелеринин” талаптарын бузуу менен прокуратура органдарында каттоодон өтпөстөн, тергөөчү (дээрлик 3 айдан кийин) негизсиз түрдө сот органдарына документтерди камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирип, анын жыйынтыгында сот органдары тарабынан өтүнүч канааттандырылган. Ошондой эле, финансылык-экономикалык экспертиза дайындалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен коммерциялык банкка карата сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылып, ички иштер органдарынын тийиштүү кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына сунуш келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий