• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте прокуратура кызматкерлери менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бишкекте прокуратура кызматкерлери менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасындагы мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп жаткан жумушчу топтун мүчөлөрү менен КР Бизнес-акыйкатсынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, юристтер бирикмесинин, Улуттук Бизнес ассоциациялар альянсынын, зергерлер бирикмесинин, Бажы брокерлеринин ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.

Мындан сырткары, жолугушууга президенттин администрациясынын, Экономика жана финансы министирлигин жана Юстиция министирлигин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда бизнес өкүлдөрү экономикалык кылмыштарды декриминализациялоо жана ишкерлерди коргоо жаатындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгына токтолушту.

Бизнес өкүлдөрүнүн сунуштары аталган жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан эске алынып, КР Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин долбоорлоруна толуктоолор киргизилди.

Тактап айтканда, экономикалык кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун чектери кайра каралып, айрым учурларда эркинен ажыратуу айып пул менен алмаштырылды, прокурордун жана тергөөчүнүн ыйгарым укуктарынан “пландуу жана пландан тышкары салык текшерүүлөрүн жана башка текшерүү иш-чараларын дайындоо” укуктары алынып салынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик чөйрөсүндөгүлөр Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясында сунушталган жаңылыктар менен тааныштырылды. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунда, каржылык жана экономикалык укук бузуулар жөнүндө маалыматтарда, салыктардын же бажы төлөмдөрүнүн жашыруусу, келтирилген зыяндын же мыйзамсыз кирешелердин суммасы эксперттин корутундусу, ревизия, аудит, текшерүү актылары жана башка документтер менен тастыкталбаса, же жарандык укуктук бүтүмдөрдү, келишимдерди аткарбоо же тийиштүү түрдө аткарбоо же сот тарабынан жарандык тартипте каралып жатса жазык иши козголбойт жана тергөө алдындагы текшерүүнү жүргүзбөстөн туруп 24 саат ичинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынары түшүндүрүлдү.

Жолугушууга катышкандарга өз ой-пикирлери менен бөлүшүүгө мүмүкүнчүлүк дагы берилди.

Пикир

Оставить комментарий