• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Прокуратура органдарынын 27ден ашык кызматкерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-январда Кыргызстандын прокуратура органдарынын 2019-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктары жана башка маселелер боюнча кеңейтилген коллегиясынын отуруму өттү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ага башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов төрагалык кылды.

Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан 2019-жылда коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө багыттарында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча маалымат берилип, прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде мамлекетке 1 млрд 79 млн 556 миң сомдук суммадагы зыян өндүрүлгөн, анын ичинен 352 млн 52 миң сом акчалай жана 727 млн 503 миң сом натуралдык түрдө өндүрүлүп, бул 2018-жылга салыштырмалуу 12,4 % көп болгондугу белгиленди.

Отурумдун жүрүшүндө башкы прокурор коррупциялык укук бузууларды өз убагында алдын алуу жана табуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө, жарандардын кайрылууларын кароону жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды.

Мындан тышкары, президент С.Жээнбеков тарабынан 2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялангандыктан өткөн жылдарда аткарылган иштерди улантуу менен жашы жете электерге катаал мамиле кылуу фактыларынын алдын алууга, аларды социалдык жактан коргоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу талап кылынды.

Ошондой эле, быйылкы жылда жаңы мыйзамдар менен иш алып барууда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдардын иштерине прокурордук көзөмөлдү кылдат жүргүзүү жана жазык иштердин ар тараптуу жана объективдүү тергелишин камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Жыйында прокуратура органдарынын иш-аракеттеринин көйгөйлүү маселелери каралып, орун алган кемчилдиктердин себеби жана аларды четтетүү жолдору белгиленди.

Ошондой эле, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген жоруктар үчүн келишкис чараларды көрүү боюнча этикалык жана тартиптик жоопкерчилик маселеси катуу талкууланды.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгында, прокурордук көзөмөлдү жана тармактык буйруктарды талаптагыдай аткарышпагандыктары үчүн коллегия прокуратура органдарынын 27ден ашык кызматкерин, анын ичинде жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартууну Башкы прокурорго сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий