• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Прокуратура органдарынын арасында спартакиада өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына жана кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдыгына карата үстүбүздөгү жылдын 22-23-октябрь күндөрү прокуратура органдарынын кызматкерлеринин арасында спорт мелдештери боюнча спартакиада оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, ага республиканын аймагындагы бардык прокурордук кызматкерлер катышты.

Спартакиаданын шартына ылайык, спорттун 7 түрү боюнча командалык жана жуптук мелдештер өткөрүлүп, төмөндөгү командалар байгелүү орундарга ээ болушту:

Кичи футбол:

1-орун Жалал-Абад облустук прокуратурасы

2-орун Башкы прокуратура

3-орун Бишкек шаардык прокуратурасы

Волейбол: (эркектер арасында)

1-орун Баткен облустук прокуратурасы

2-орун Ош облустук прокуратурасы

3-орун Ысык-Көл облустук прокуратурасы

Волейбол: (аялдар арасында)

1-орун Бишкек шаардык прокуратурасы

2-орун Башкы прокуратура

3-орун Чүй облустук прокуратурасы

Аркан тартыш:

1-орун Аскер прокуратурасы

2-орун Ош облустук прокуратурасы

3-орун Жалал-Абад облустук прокуратурасы

Стол тенниси:

1-орун Нарын облустук прокуратурасы

2-орун Баткен облустук прокуратурасы

3-орун Ош облустук прокуратурасы

Шахмат:

1-орун Чүй облустук прокуратурасы

2-орун Жалал-Абад облустук прокуратурасы

3-орун Адистештирилген прокуратура

Тогуз коргоол:

1-орун Башкы прокуратура

2-орун Аскер прокуратурасы

3-орун Жалал-Абад обустук прокуратурасы

Бильярд:

1-орун Нарын облустук прокуратурасы

2-орун Адистештирилген прокуратура

3-орун Ош шаардык прокуратурасы

Спорттук мелдештердин жыйынтоочу бөлүгүндө КР башкы прокурору Курманкул Зулушев жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктап, спорттун маанилүүлүгүнө токтолуп, анын инсандын өсүп-өнүгүүсүнө, сергек жашоого тийгизген оң таасирлерин белгилеп өттү.

Спартакиада маданий программалар менен коштолуп, жеңүүчүлөр кубок, акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий