• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Прокуратура органдарынын ардагери Азат Алсеитов дүйнөдөн өттү

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-июнунда прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Алсеитов Азат Чоноевич 64 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Азат Чоноевич 1957-жылдын 12-апрелинде Нарын шаарында төрөлгөн. 1974-жылы Тянь-Шань районунун «Оттук» орто мектебин бүтүп, эмгек жолун Ат-Башы «Кирсельхозтехника» бирикмесинде жумушчу болуп баштаган. 1975-1977-жылдары Советтик Армиянын катарында аскер кызматын өтөгөн. 1978-1979-жылдары Кочкор райондук сугат тармактар башкармасында жумушчу болуп иштеген. 1979-жылы Караганда мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине өтүп, 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүрүп, укук таануу адистигине ээ болгон. 1985-жылы Кыргыз ССРинин Cоциалдык камсыздандыруу министрлигинде ага инспектор кызматында иштеген. 1987-жылдын октябрь айында прокуратура органдарына кабыл алынып, Фрунзе шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын стажеру болуп кызматын баштап, 1991-жылдан 1994-жылга чейин Нарын шаарынын прокурорунун орун басары, 2001-2009-жылдары Ат-башы, Жумгал райондорунун прокурору, 2010-2015-жылдар аралыгында Нарын облусунун прокурорунун орун басары, 2015-жылдан 2019-жылга чейин Нарын шаарынын прокурору кызматтарын аркалап, ардактуу эс алууга чыккан.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Азат Чоноевичтин жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

КР Башкы прокуратурасы маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий