• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Прокуратура органдарынын ардагери Дегенбай Арзиев көз жумду

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/.2020-жылдын 27-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Дегенбай Арзиев 72 жашында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Дегенбай Арзиев 1948-жылдын 15-сентябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жергетал айылында төрөлгөн.

1977-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алкачкы эмгек жолун Тянь-Шань райондук прокуратурасынын тергөөчүсүнөн баштап, андан бери ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Кийин 2008-жылдын 2-октябрынан тартып Жалал-Абад облустук прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктап келген.

Дегенбай Жумаевич, ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

"Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын кайгысын жана орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт жана көӊүл айтат”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий