• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Прокуратура органдарынын ардагери Исламкул Ганиев каза болду

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 28-декабрында Баткен облустук прокуратурасынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Исламкул Ганиев 73 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Исламкул Ганиев 1947-жылдын 16-апрелинде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн.

1981-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматынан баштаган.

Прокуратура органдарында ар түрдүү кызматтарды аркалап келип, 2008-жылдан тартып Баткен облустук прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктаган.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Исламкул Ганиевдин жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий