• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Прокуратура органынын ардагери Татти Исмаилова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4-декабрында Бишкек шаардык прокуратурасынын ардагери Татти Исмаилова 70 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Татти Исмаилова 1951-жылдын 10-январында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка айылында төрөлгөн.

1975-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолу Ыссык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокурорунун стажер жардамчысынан башталган.

Андан кийин, 1987-жылы Ысык-Көл элдик сотунда судьялык кызматында эмгектенген.

1990-жылы кайрадан прокуратура органдарында эмгектенип, ар кандай кызматтарды аркалаган. 2007-жылдан тартып Бишкек шаардык прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктап келген.

Татти Исмаилова ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

«Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун ошондой эле орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий