• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлери сыйланды. Ысымдары

Коом 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Бишкекте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мамлекет башчы, прокуратуранын ардагерлерин куттуктап, алардын узак жылдар бою прокуратурада иштеп, өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымдарын эске салды.

Андан соң президент прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышкандар:

— Талас облусунун Талас шаарынын прокурору -Айтназаров Алмазбек Арстаналиевич;

— Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору — Бообеков Насриддин Бекмаматович;

— Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун улук жардамчысы — Чакчагаева Алтынкуль Турсунбековна.

Президенттин энчилүү сааты менен сыйланышкандар:

— Ысык-Көл облустук прокуратурасынын финансы жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси — Асылбекова Динара Сергоевна;

— Ош облусунун Араван районунун прокурору — Болотбеков Эмиль Болотбекович;

— Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн улук прокурору — Бообеков Таалай Качкынбаевич;

— Ош шаардык прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн улук прокурору — Жолдошев Жаныбек Ашимович;

— Баткен облусунун Баткен районунун прокурору — Исманов Анвар Кудайбердиевич;

— Талас облусунун прокурору — Кашкарова Гулмира Нурдинбековна;

— Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын Балыкчы гарнизонунун аскер прокурору — Сейдахматов Рустамбек Зоданбекович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы — Тагаев Уланбек Жээнбекович;

— Нарын облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги –Токон Мурат;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун прокурорунун улук жардамчысы — Шамшидинова Роза Тургуновна.

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Джамшитовго «3-класстагы Юстициянын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий