• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Прокуратура: Сот аткаруучулар мамлекетке 1 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Прокурордук текшерүүдө Ысык-Көл районунда сот аткаруучулар тарабынан 1 млн 173 миң 634 сом акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн айрым жооптуу кызматкерлери соттун чечими боюнча аталган райондун Кара-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринин мүлкүн сатышкандан кийин, сатылган мүлктөн мамлекетке чегерилүүчү 10 пайыздык сумманы өздөрүнө сиңирип алышкан.

Келтирилген прокурордук актынын негизинде зыян толугу менен ордуна коюлду.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий