• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Прокуратура Текебаев менен Чотоновго карата айыптоону колдоодон баш тартты

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иш каралууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, аларга карата коррупция фактысы боюнча, Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” ЖАКынын башкарууга киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 миллион АКШ долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган.

Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Пикир

Оставить комментарий