• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 16-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Бул конституциялык мыйзам 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (жалпы элдик добуш берүү менен) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен өзгөртүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 чечими менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы №161 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча комплекстүү чараларды аткаруу үчүн реалдуу негиз түзгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-статьясынын 1 жана 6-пункттарынын талаптары тиешелүү болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеги такталат.

2.Ушул мамлекеттик органдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө бекитилет.

3.Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдарга көзөмөл жүргүзүүнү КР Башкы прокурору, ал ыйгарым укук берген КР Башкы прокуратурасынын прокурорлору, ошондой эле райондордун прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор ишке ашырат.

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий