• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош аэропортунун кире беришине мыйзамсыз шлагбаум орнотуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын аэропортунун кире беришиндеги акы төлөнүүчү шлагбаумдун мыйзамсыз орнотулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратунанын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 4-сентябрында №21 Жолдорду тейлөө мекемеси менен “Манас Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча “Ош-Аэропорт” авто жолунун бир бөлүгү (165 метр) коопсуздукту сактоо жана көрктөндүрүү үчүн “Манас эл аралык аэропортуна” берилген.

"Бирок, “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому мыйзамды жана жолду үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салган эки тараптуу келишимди бузуп, “Т.Г” жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга берип салган. Ал эми аталган коом аэропорттун кире беришине мыйзамсыз түрдө шлагбаум орнотуп, аэропортко кирген ар бир автоунаадан акы алып турган",-деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 2-июнунда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга талап келтирилип, “Ош-Аэропорт” автожолуна мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алынып салынды.

Мындан сырткары, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган юридикалык тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимге жолдун пайдалануудагы бөлүгүн субарендага берүү боюнча жалган маалыматтарды киргизүү фактысы аныкталган. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 233-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий