• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Прокуратуранын тергөөчүсү, адвокат жана жеке аудитор пара алууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын Б.К.С. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий