• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Прокурор Аскарбек Шадиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сурап жатат

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Прокурор Шадиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сурап жатат.

Прокурордун айтымында, Шадиевге 2017-жылы Чыңгыз Айтматовдун атындагы сыйлык ыйгарылбай турганы маалым болгонун белгиледи. Алар ЖКнын ошол убактагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун атына сыйлыкка каралган 32 миң долларды берүү боюнча кат жазышып, аны алышкан.

"Аны менен бирге Шадиев чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, ошол эле күнү дипломаттык паспортунун негизинде Москвага, андан кийин Нью-Йоркко учуп кеткен", - деди прокурор.

Андан кийин ал сотту мурунку депутатты айыптуу деп табып, 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүүнү суранды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өткөрүүсүн өтүнгөн.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 28-апрелинде Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге карата "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, анын мүлкү камакка алынган.

Ал кылмыш иши КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча козголгон.

Кийин белгилүү болгондой Шадиев андан бир күн мурун – 27-апрелде Баткен облусундагы Арка айылынын жанындагы чек арадан Тажикстанга өтүп, Нью-Йоркко (АКШ) качкан.

Ал боюнча Шадиевге "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренесине ылайык кылмыш иши ачылган.

Июль айында Шадиевге үчүнчү кылмыш иши – Кылмыш кодексинин 183-беренеси "Кылмыштык жол менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий