• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Прокурордун кеңеши» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Коом 0


Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Башкы прокуратура «Прокурордун кеңеши» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты.

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, мобилдик тиркеменин башкы максаты жарандардын прокуратурага тез кайрылуусуна жардам көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн жашоочуларын түйшөлткөн эң курч темаларга жооп берүү болуп саналат.

Белгиленгендей, жогорудагы тиркемени Play Market`тен, андан тышкары Башкы прокуратуранын www.prokuror.kg расмий сайтынан жүктөп алууга болот.

Эскерте кетсек, "Прокурордун кеңеши" мобилдик тиркемеси Европа биримдиги тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү-2-фаза" программасынын жардамы менен иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий