• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөөдө кандай документтер керектелет

Коом 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорусунан жана бузулгандыгынан жабыркаган республиканын башка жарандарын протездик-ортопедиялык буюмдар, реабилитациялоонун техникалык каражаттары жана тиричиликтик шаймандар менен камсыз кылат.

Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Акысыз негизде протездик-ортопедиялык буюмдар "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка мыйзамдар менен кепилденген акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга берилет.

Акы төлөнүүчү негизде протездик-ортопедиялык буюмдар менен протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж, бирок майыптуулук тобу болбогон, дарыгердин жолдомосу бар адамдар камсыз кылынат.

Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөөдө төмөнкүдөй документтер берилет:

- медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу;

- паспорт;

- пенсиялык ырастама;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн);

- иштеген жеринен маалымкат (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү иштеген адамдарга экинчи протез алуу үчүн);

- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭКтин) маалымкаты.

Протездик-ортопедиялык буюмдарды, анын ичинде ортопедиялык бут кийимди даярдоо тапшырыкты кабыл алган күндөн тартып 35 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат. Аз татаалдыктагы ортопедиялык буюмдар (Виленский шинасы, Цито шинасы, корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер) 10 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий