• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Психологдор бактылуу эмес түгөйлөр эмне үчүн мамилелерин токтоткусу келбегенин түшүндүрүштү

Дүр дүйнө 0

Америкалык жана канадалык окумуштуулар эмне үчүн бактылуу эмес түгөйлөргө мамилесин үзүү кыйын экендигин аныктоо үчүн эки параллелдүү изилдөө жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыктары Америкалык психологиялык ассоциациянын сайтында жарыяланган. 10 жумага созулган биринчи изилдөөгө 26 жашка жакын курактагы 1348 адам катышкан. Алгач кыздарга жана жигиттерге алардын мамилелеринин динамикасы тууралуу суроолор берилген: канча күч-аракеттерин жумшашты, мамилесин токтотуу учурунда өнөктөшүнүн кандай реакциясын күтүшөт, аларды түгөйлөрү баалашабы жана башка.

Параллелдүү иш ушундай эле ыкма менен өткөн, бирок ал эки айга уланган. Ага орточо 32 жаштагы 500 адам катышкан. Алардын 442си изилдөөнүн башталышында өнөктөшү менен мамилелерин үзөйүн деп жүргөн.

Эки изилдөөнүн жыйынтыктары тең окшош болуп чыккан. Мамилени токтотуу тууралуу чечим кабыл алуунун кыйындыгынын негизги себеби түгөйүнүн сезимдерин жаралагысы келбегендигинде болгон.

“Адамдар өзүнүн өнөктөшү ага аябай байланганын түшүнүшкөндө көп учурда мамилени токтотууну демилгелешкен эмес. Экинчи жарымына көп деле жакын эмес адамдар, мамилесине канааттанбаган адамдар дагы ушундай абалда болушкан. Жалпысынан биз өзүбүздүн өнөктөштөрүбүздүн сезимдерин жаралагыбыз келбейт, алардын каалоолоруна кайдыгер карабайбыз”, - деп жыйынтыктаган изилдөөчүлөрдүн бири Саманта Джоел.

Анын айтымында, мурдагы изилдөөлөр адамдар мамилесине көп күч жумшаганынан же жалгыз калуудан корккону үчүн аларга түгөйлөрүнөн кол үзүү кыйын болгондугун көрсөткөн. Бул мамилени токтотуу менен улантуунун ортосундагы тандоо жеке кызыкчылыктарга гана негизделерин көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий