• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"ПСЖ" келерки жайда Неймарды 180 миллион долларга сатууга даяр

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Франциялык "ПСЖ" клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион долларга сатууга даяр. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Буга чейин бразилиялык спортчуну алуу боюнча "Барселонадан" франциялык клубга сунуш түшкөн. Бирок, "ПСЖ" ал сунушка макул болгон эмес.

Эми "ПСЖ" Неймарды мурункудай 300 миллион эмес, 180 миллион долларга сата турганын айтууда.

Белгилей кетсек, Неймар Франциянын биринчилигинде 8 оюнга катышып, 6 гол киргизген.

2017-жылы "ПСЖ" Неймарды "Барселона" клубунан 222 миллион еврого сатып алган. Анын келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий