• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"ПСЖ" клубу "Ювентуска" Пауло Дибала үчүн 60 миллион евро төлөөгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 06.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Франциялык "ПСЖ" клубу "Ювентустун" чабуулчу Пауло Дибала үчүн "Ювентус" командасына 60 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу Canal+ телеканалы билдиргенин Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Дибала "Манчестер Юнайтед" клубуна өтөөрдүн алдында англиялык клуб келишим түзүүдөн баш тарткан. "Ювентус" клубу тарабынан аргентиналык оюнчуга коюлган бааны англиялык клуб кымбат деп баалап, келишимге кол коюуну токтоткон. Андан кийин 25 жаштагы оюнчу "Ювентус" клубунун медициналык текшерүүсүнөң өткөн.

"ПСЖ" клубу аргентиналык чабуулчуга 60 миллион евро төлөөгө даяр экенин билдирген.

Өткөн сезондо Дибала "Ювентус" клубунда 42 оюн өткөрүп, 10 гол жараткан. Анын келишими 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий